БЕШ-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕШТЕРЕК to БЕШ-ТЕРЕК) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТЕРЕК – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Беш-Терек айыл өкмөтүнүн борбору. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Бело­водский кыштагынан 40 км түндүк-батыш тарапта. 1977-жылы дың жерлерди өздөштүрүүдө негиздел­ген. Деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте. Калкы 1390 (2022); негизинен мал чарбасында ж-а дыйкан­чылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулато­рия, китепкана, наабайкана, ашкана бар.