БИЗОН
БИЗО́Н (Bison) – ача туяктуулар түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Зубрга жакын, ири бодо, дене узундугу 3 мге, бийиктиги 186 см, салмагы 1тга жетет. Денесинин алды жагы чоң, арт жагы кууш, буту жоон, өркөчү бар. Башы, денесинин алдыңкы бөлүгү – кара, узун, арт жагы күрөң жүндүү. Бизон ачык талаа– прерияны мекендейт. Ургаачысы кичирээк, июль-сентябрь айларында кууттан чыгып, бир музоо тууйт, 2–3 жашында жыныстык жактан жетилет. Териси үчүн аңчылык кылынып, жок болуу коркунучу (50 млндон 500 баш калган) пайда болуп, Канадада улуттук паркта (Буд-Баффало) ж-а АКШда (Йеллоустон паркы) корголот.

Коргоонун натыйжасында анын саны (талаа түрчөсүнүн) бир аз калыбына келүүдө. А л я с к а н ы н борбордук бөлүгүнө акклиматташтырыл -
ган. Зубр м-н аргындаштырылып, зубрбизон алынган.