БИЙ (мансап даражасы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БИЙ to БИЙ (мансап даражасы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙ – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бү­лөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жары­мынан Бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл ара­сында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын та­ламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяк­туу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865–66-жылдарда Россия па­дышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби ж­өнүндө чыгарган жоболорго ылайык Бийлер соту уюш­турулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шай­ланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жыл­га чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сом­го чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий ман­сабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган баш­ка элдердин талаш-тартыштары каралган. Ок­тябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-жылдары казы ж-а Бий соту жоюлган.