БИЙ (искусство түрү)
БИЙ – искусствонун адамдын дене кыймылынын жардамы менен көркөм образ жаратуучу түрү. Бий түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден келип чыккан. Алгач Бий сөз менен обонго байланыштуу болгон. Тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында музыка менен жашай турган өнөрдүн бир тармагына айланган. Жаратылыш кубулуштарын, аңчылык менен согуш көрүнүштөрүн белгилүү тартипке түшүрүлгөн ыргактуу кыймыл менен туюнтуу Байыркы Кытай жана

Индияда эң жогорку деңгээлге жеткен. Байыркы Римде көңүл ачуу, ал эми Байыркы Грекияда тарбия каражаты болгон. Орто кылымда дин өкүлдөрү Европада бийчилерди куугунтуктаган. Кайра жаралуу доорунда Италия, Франция жана башка өлкөлөрдө Бий кайрадан өнүгүп, коомдук колдоого алынган. XVI кылымдын акырында балет өнөрү өзүнчө өнүгө баштайт. Францияда королдук бий академиясы (1661) уюшулат. XVII–XIX кылымдарда гавот, полонез, менуэт, мазурка, краковяк Бийлери өнүгөт. XIX кылымдын аягы –XX кылымдын башында бир катар Европа өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарында Бийдин жаңы түрлөрүн киргизүүгө болгон далалат күчөйт. Бийлер элдик, балеттик, классикалык болуп бир нече түргө бөлүнөт. Балетмейстер Н. Холфин кыргыздын элдик оюндарынын, ырым-жырымдарынын, эмгек процесстеринин негизинде «Кийиз» деген туңгуч Бийди, «Алтын кыз» музыкалык драмасына, «Айчүрөк» операсына бийлерди жаратты. Кийин ал «Анар», «Селкинчек» балеттерине элдик бийлерди көбүрөөк пайдаланган. «Чолпон», «Ала-Тоодогу жаз», «Куйручук», «Асел» жана башка балеттери улуттук Бийдин мыкты үлгүлөрүнө айланды.1966-жылы кыргыздын элдик бий ансамбли уюшулган, к. «Ак марал» мамлекеттик бий ансамбли.
Ад.: Ткаченко Т. С. Народный танец. М., 1954;
Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.