БИЙИК ТОО СТАНЦИЯЛАРЫ
БИЙИК ТОО СТАНЦИЯЛАРЫ – 2000 м ж-а андан да бийик тоолордо жайгашып, дайыма байкоо ж-а изилдөө иштерин жүргүзүүгө арналган пункттар. Милдети боюнча гидрометеорологиялык ж-а атайын (мөңгүлөргө, кар көчкүлөрүнө, селдин болушуна, күн радиациясына ж. б. байкоо жүргүзүү) станцияларга бөлүнөт. Кыргызстандагы Бийик тоо станцияларынын бири – Теңир-Тоо физикалык география станциясы.