БИЙИК ТООЛОР
БИЙИК ТООЛОР - кар чегинен жогору көтөрүлүп жаткан, азыркы ж-а байыркы муз каптоонун издери (төрлөр, тик чокулар, тепши сымал өрөөндөр, кар-мөңгү ж. б.) сакталган бийик кырка тоолор, тоо системалары. Дүйнөдөгү эң бийик тоо системасы - Гималай (Жомолунгма чокусунун бийиктиги 8848 м), Кыргызстандын же Батыш Теңир-Тоонун эң бийик жери - Жеңиш чокусу (бийиктиги 7439 м).