БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУК
БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУК , бийиктик зоналуулук - тоолордо табигый шарттар м-н процесстердин (климат, топурак, өсүмдүктөр дүйнөсү, рельефти түзүүчү процесстер ж. б.) бийиктикке жараша өзгөрүшү. Кыргызстандын тоолоруна чөл ж-а жарым чөл, кургак талаа, талаа ж-а шалбаалуу талаа, токой ж-а шалбаалуу талаа, субальп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа, кар, мөңгүлүү ландшафт зоналары мүнөздүү.