БИЙЛИК
БИЙЛИК – укук, мыйзам, авторитет, ынандыруу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар аркылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуулоо. Бийлик – адам коому м-н бирге пайда болгон, мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. Бийликтин экономикалык, саясий, социалдык, рухий ж-а үй-бүлөлүк түрлөрү бар. Ал биринчи кезекте коом м-н мамлекеттин ортосундагы мамиле экендиги ж. б. өзгөчөлүктөрү жөнүндө Аристотель, Монтескье, Локк, Макиавелли, Гегель, Маркс, Ленин, Вебер ж. б. философтордун, саясатчылардын эмгектеринен белгилүү. Бийлик субъекттери – мамлекет ж-а анын институттары, саясий элиталар, лидерлер, саясий партиялар; объекттери – индивиддер, социалдык топтор, масса, эл катмарлары ж. б. Функциялары – жетекчилик, башкаруу, үстөмдүк, жөнгө салуу, тарбиялоо, көзөмөл, уюштуруу, жазалоо ж. б. Бийликтин бир катар айырмаланган сапаттуу белгилери (атрибуттары) бар: легалдуулук, чечимдеринин милдеттүүлүгү, ачыктыгы, жалпыга бирдейлиги, коом атынан башкаруусу, борбордоштурулганы, ресурстуулугу.
Т. Эсенгелдиев.