БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ
БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ – бийлик укуктарын мамлекеттик бийликтин бутактарына бөлүштүрүп берүү. Аристотель ж-а Цицерон иштеп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан келип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европалык саясий ой жүгүртүүдө Бийликтин бөлүнүү теориясын Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэдисон өнүктүрүшкөн. Бийликтин бөлүнүү теориясынын негизги маңызы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтери конституцияга ылайык адамдарга ж-а органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өз алдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтердин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөөлөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көз каранды болбостон, аракет кылат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын вертикалдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун субъектилеринин ортосунда бийлик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизонталдык жактан болсо, бийлик укуктары бийликтин үч органына (бийликтин «бутактары») – мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтерине бөлүнөт.