БИЙСЕЕВ
БИЙСЕЕВ Доктурбек Касымбекович (28. 2. 1960- жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы) – бийчи, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004). 1970– 1979-жылдары Ленинграддагы В. Я. Ваганова атындагы академиялык

хореография окуу жайында окуган, 2002-жылы Кыргыз улуттук консерваториясынын балетмейстердик бөлүмүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдындагы студияда классикалык бийден сабак берет. Л.Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Молдобасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысынан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Баланын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жиндин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун жана башка партияларды, Н. Нишановдун «Ак кептер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» жана башка концерттик бийлерди аткарган. 1976-жылы Дрезден шаарында, 1981–1991-жылдары Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-жылы Америка Кошмо Штаттарында, Түркиянын Анталия шаарында өткөн балет артисттеринин эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышкан. 1989-жылы Орто Азия республикаларынын жана Казакстан балет артисттеринин конкурсунда лауреаттыкты жана Күмүш медалды жеңип алган. 1997-жылы бийчилерди даярдай турган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001–2002-жылдары Вена шаарында өткөн «Импульс-Бий» аттуу эл аралык фестивалдын чакыруусу боюнча концерттик программасына катышып, классикалык бий боюнча сабак берген. Медалдар менен сыйланган.