БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 7 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталында. Ак-Шыйрак суусунун ала­бында жайгашкан. Узундугу 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4615 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталы­нан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары м-н то­ролгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр м-н татаал­данган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сары-Төр суусу башталат.