БИЛАЛ НАЗЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 7 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛАЛ НАЗЫМ (өз аты Билал Юсуп уулу; 1825, Кулжа–1899, Жаркент) – уйгур адабиятынын клас­сиги. Кулжадагы (Синцзянь) мектептен, медре­седен таалим алган. Чыгармачылыгы 1840-жылдарда башталган. 1852-жылы «Газалияты» (ырлары) кол­ жазма түрүндө тараган. Анын чыгармалары­нын негизги темасы – сүйүү. Уйгур элинин азат­тык күрөшү жөнүндө «Кытайдагы козголуш» дас­танын жазган. Бул чыгарма 1880-жылы Казанда басылган. Фольклордук эстетиканын неги­зинде жазылган «Алдамчы Юсуп хан» (1881) поэмасынын ж-а «Назугум» (1882) повестинин автору.