БИЛДИРМЕ
БИЛДИРМЕ – спорттук мелдешке спортчулар ж-а коллективдердин катышуусу жөнүндөгү маалымдоо. Билдирме кайсы коллективдин спортчуларынын же коллективинин өкүлдөрүнүн атынан түзүлгөнү, спортчунун аты-жөнү, туулган жылы, спорттук даражалары, врачтын мелдешке катышуусуна уруксаты көрсөтүлөт. Билдирменин кайсы мезгилде жазылганы ж-а ким тарабынан бекитилгени көрсөтүлүп, жетекчинин ж-а врачтын колу коюлат. Билдирме кайсы мөөнөттө тапшырылышы керек экени (датасы) атайын түзүлгөн мелдештин жобосунда жазылат. Калыстар тобуна же мелдешти уюштуруучу уюмга Билдирмени убагында тапшырбаса, ал мелдешке катышпайт.