БИЛИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 7 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ – адамдын аң-сезиминдеги коомдун ж-а жаратылыштын көрүнүштөрү тууралуу алынган ишенимдүү маалыматтардын жыйын­дысы. Билим – таанып-билүү м-н тыгыз байланыш­туу ж-а анын натыйжасы. Педагогикада Билим эки мааниде түшүндүрүлөт: 1) адам тарабынан ка­был алынуучу, сезилүүчү, түшүнүлүүчү ж-а анын оюнда сакталып калуучу маалымат; 2) улам жаңы маалыматты кабылдап, аны өздөштүрүү үчүн пайдаланылуучу каражат, курал. Демек Билим түшүнүгү педагогикалык процессте эки жактуу (маалымат ж-а каражат) мааниде кабыл алынат. Окутуу кандай гана формада уюштурулбасын, окуучу­нун жаңы материалды өздөштүрүшү үч этапта ишке ашырылат. 1-этапта окуучу үйрөнүүчү ма­алыматты аң-сезимдүү кабыл алып, эсине сак­тайт. 2-этапта окуучу жаңы кабыл алынган Билимди көрсөтүлгөн үлгү боюнча же ал үлгүнүн башкача вариантында пайдалануунун ыкмаларын өздөштүрөт. 3-этапта окуучу өзүнүн мурунку этаптарда өздөштүргөн Билимин жаңы, өзүнө таа­ныш эмес абалда, чыгармачылыктуу пайдалана билүүгө даяр болот. Ошентип, окуу материалын өз­дөштүрүү – материалды аң-сезимдүү кабылдап эстеп калуудан, аны көрсөтүлгөн үлгү боюнча ж-а тааныш эмес ар кандай жаңы абалда пайдала­нуудан турат. Тиешелүү түрдө бул этаптарда ма­териалды өздөштүрүүнүн үч деңгээли камсыз кы­лынат. Окутуу процесси үчүн материалды өздөштүрүүнүн 1- ж-а 2-деңгээлдеринин камсыз болушу зарыл, бирок ал жетиштүү эмес. Окутуу­нун азыркы кездеги максаты материалды өздөш­түрүүнүн 3-деңгээлине жетишүүнү камсыз кылуу­да, башкача айтканда окуучулардын алган Билимдерин чыгармачылык м-н пайдаланууга даярдоодо турат.


И. Бекбоев.