БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 7 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ – белгилүү бир мезгилге эсептелген билим берүү тармагынын келечегин айкындап көрсөтүүчү мамлекеттик норматив­дик документ. Ал өзүнө кандайдыр бир максат коюп, ошол максатка жетүүнүн ресурстарын, мөөнөтүн, аткаруучуларын ж-а аткаруу жолун аныктайт. Программаны түзүү ж-а аткаруу бир нече этаптардан турат: маалыматтарды топ­тоо – аны иштеп чыгуу – анализ – прогноз – милдеттер – пландар – ишке ашыруу – текшерүү. Ал эми мөөнөтү кыска (оперативдүү) – 1 жылга жетпеген; утурумдук – 1–2 жылдык; орто мөөнөттүү – 3 жылдан 5 жылга чейин; перспек­тивалуу (стратегиялык) – 5 жылдан 10 жылга чейин болушу мүмкүн. Кыргызстанда улуттук билим программалары («Жеткинчек», «Билим», «XXI кылымдын кадрлары») иштелип чыккан. Алар­да өлкөнүн билим берүү тармагынын стратегия­сы, эртеңки күндүн негизги багыттары, бул же тигил иш-чараны аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүл­гөн. Билим берүү программасы окумуштуулар, алдыңкы көз ка­раштагы педагогдор, методисттер ж. б. бул иш­ке тиешеси бар адамдар тарабынан иштелип чы­гат ж-а ал жалпы элдик талкуудан кийин мам­лекет жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүштүрүлөт. Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинин өз Билим берүү программасы бо­лот.

А. Муратов.