БИЛЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЛЬ (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ, Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдар­дын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. Биллдин ж-а ага киргизилген алымча-кошумчалардын, то­луктоо-түзөтүүлөрдүн тагдыры парламентте ба­сымдуулук кылган партиянын же партиялык блок­тун ээлеген ордуна, көз карашына жараша че­чилет. Мисалы, 1968-жылы Улуу Британиянын укук­тары жөнүндөгү Билль – Англиянын мамлекеттик мыйзамда­рынын бири, «жазылбаган» Конституциясынын бир бөлүгү, ага 1215-жылдагы эркиндиктердин улуу Хартиясы, 1628-жылдагы Укуктар жөнүндөгү Петиция (коллективдүү өтүнүч), 1679-жылдагы Хабеас Корпус Акт, 1701-жылдагы тактыны (пре­столду) мурастоо жөнүндөгү Акт кирген; 1791-жылдагы АКШнын укуктары жөнүндөгү Билль – АКШнын Конституциясына киргизилген алгачкы он түзө­түүлөр Конгресс тарабынан кабыл алынып, штаттар тарабынан бекитилген. Азыркы учур­да укуктар жөнүндөгү Биллдердин окшоштуктары иш жүзүндө бардык мамлекеттердин конституцияларында бар.

М. Керимбаев.