БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУ́РА (лат. binarius – кош) – өсүмдүк, жаныбар, микро организм түрлө­рүнүн эки сөз м-н аталышы. Аны швед окумуш­туусу К. Линней киргизген (1753-жыл). Өсүмдүктөргө ботаникалык ат коюу жөнүндө атайын эреже иштелип чык­кан ж-а мезгили м-н Эл аралык ботаникалык конгрессте каралып турат. Түрдүн аты эки сөз м-н (уруусу ж-а түрү) латын тилинде берилет. Бул номен­клатура таксономиялык маалыматты так бе­рип, колдонууга оңой болгондуктан, азыркыга чейин кеңири колдонулат.