БИОБАШКАРУУ
БИОБАШКАРУУ – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзүлүштөр м-н башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүктүрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр потенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а дем алуу системаларынын ишин коштоочу механикалык ж-а акустика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрүшү ж. б. байланыштуу. Бардыгынан биоэлектрдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адегенде күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу электрэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул приборлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү автоматтык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жүрөк биопотенциалдары (оору учурунда электркардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, каттоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техникада (аралыктан башкарылуучу биоманипуляторлордо) да колдонулат.