БИОГЕОЦЕНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОЦЕНО́З (био…, гео… ж-а гр. koinos – жалпы) – зат алмашуусу ж-а энергиялары өз ара байланышкан, бири-бирине ыңгайлуу шарт тү­зүүчү жандуу организмдердин (биоцеоноз) ж-а жансыз компоненттер жыйындысы. Аларга ав­тротрофтуу (фотосинтездөөчү өсүмдүктөр, хемо­синтездөөчү микроорганизмдер) ж-а гетеротроф­туу (жаныбарлар, козу карындар, бактериялар, вирустар) организмдер ж-а аларды курчап тур­ган рельеф, тоо тектер, гидрологиялык шарттар, газ ж-а жылуулук ресурстары м-н атмосферанын жерге жа­кын катмары, күн энергиясы, жер кыртышы ж. б. кирет. Биогеоценоз түшүнүгүн орус окумуштуусу В. Н. Сукачев киргизген (1940-жыл). Биогеоценоздун жараты­лыштагы заттардын айланышында чоң маани­си бар.