БИОЛОГИЯЛЫК КЫЧКЫЛДАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК КЫЧКЫЛДАНУУ – тирүү организмде ферменттердин таасири м-н жүрүүчү окистенүү-калыбына келүү реакциялары. Анын негизинде организм кабыл алган органикалык зат м-н кычкылтектен акырында суу ж-а көмүр кычкыл газы пайда болот. Бул – бир нече баскыч м-н өтө турган татаал процесс. Ал жөнүндө 2 концепция бар. Биринчисин орус окумуштуусу А. Н. Бах (1897), экинчисин В. И. Палладин (1908) негиз­деген. Бул 2 концепция биригип, кычкылтекти ж-а суутекти активдештирүү теориясын жара­тат. Окистенүүчү заттардан калыбына келүүчү затка суутек м-н электрондорду өткөрүп берүүчү атайын ташыгычтар (никотинамид-аденин-ди­нуклеотиддер – НАД, флавин нуклеотиддер, хи­нондор, цитохромдор ж. б.) бар. Биологиялык кычкылдануу реакция­сынын энергиясынан түзүлгөн аденозинтри­фосфат (АТФ) бардык биосинтез реакцияларга активдүү катышат. Анын энергиясынын айрым бөлүгү жылуулук үчүн жумшалса, кээ бири ор­ганизмдин энергия булагы катары (негизинен АТФ түрүндө) жыйналат. Зат алмашуунун негизинде пайда болгон ж-а сырттан кирген уулуу заттар Биологиялык кычкылдануу жолу м-н зыянсызданды­рылат.

Ад.: Готтшалк Г. Метаболизм бактерий / Пер. с анг. М. 1982.