БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ
БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашуулардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экосистеманын ар түрдүүлүгүн ж-а компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс ж-а теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу ж-а сактоо боюнча өзүнүн улуттук стратегиясын, планын ж-а программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый ж-а жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы ж-а кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер ж. б. аркылуу) каралган. Б. Үсөнканов.