БИРДИКТҮҮ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 11 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИКТҮҮ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СИСТЕ́МА – жогорку чыӊалуудагы электр берүү зым кермелери (линиялары) м-н бириккен ж-а кеӊири аймактагы бир, кээде бир нече өлкөнү энергия м-н камсыз кылуучу бир нече электр энергетикалык системалар жыйындысы. Ал электр энергиясын иштеп чыгарат, аны бөлүштүрөт ж-а өзгөртөт. Керектөөчүлөрдү энергия м-н үзгүлтүксүз камсыз кылат, керек кубаттуулуктун резервин түзөт, электр, жылуулук ж. б. энергияны чыгарууга мүмкүндүк берет. Анда энергетикалык системалар негизинен жогорку чыӊалуудагы (220, 500, 750 кВ, 1150 кВ) зым кермелер м-н кошулат. Аны башкаруу үчүн электр станцияларын, электр тармактарын, энергетикалык системаларды ж-а алардын бирикмелерин комплекстүү автоматташтыруу зарыл. Ири энергетикалык биригүүсүнө бардык мурдагы СССРге караштуу мамлекеттердин Бирдиктүү энергетикалык системалары кирген. Бирдиктүү энергетикалык система м-н Болгария, Венгрия, Чехия ж-а Словакиянын энергетикалык системалары синхрондуу иштөөсүн улантышууда. Азыркы учурда Россиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы 65 энергетикалык системаны – Борбордук, Орто Волга, Урал, Чыгыш-Батыш Россия, Түндүк Кавказ, Сибирь энергетикалык системаларын камтыйт (1999). Көз карандысыз мамлекеттердин экономикасында ж-а социалдык өнүгүүсүндө электр энергетикасынын өзгөчө ролун эске алуу м-н ж-а Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украинанын өкмөттөрү КМШнын электр-энергетикалык Кеӊешин түзүшкөн (1992). Бирдиктүү энергетикалык системага кирген электр станциялары КМШ өлкөлөрүндө өндүрүлүүчү электр энергиясынын 90 %ин иштеп чыгат.

К. Т. Байтокова.