БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 11 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ (Аль-Ами

рат аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Катар, түштүгүнөн, түштүк-батышынан ж-а түштүк-чыгышынан Оман м-н чектешет. Түндүгүн Персия булуӊу, чыгышын Оман булуӊу чулгап жатат. Аянты БУУнун маалыматы боюнча 83,6 миӊ км2 (БАЭнын кургактыктагы чегарасы чөл аркылуу өтүп, так эмес). Калкы 9,5 млн (2024). Борбору – Абу-Даби шаары. Расмий тили – араб тили, перс тилинде да сүйлөшөт. Акча бирдиги – дирхам.

Мамлекеттик түзүлүшү. БАЭ – курамы 7 эмирликтен (Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Уммэль-Кайвайн, Эль-Фужайра, Рас-эль-Хайма) турган федерациялык мамлекет (эмирликтер бардыгы теӊ абсолюттук монархиялар болуп саналат). Конституциясы 1971-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Федералдык улуттук кеӊеш тарабынан эмирликтердин монархтарынын ичинен 5 жылга шайланган президент. Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (кабинет). Саясий партиялары жок.

Табияты. Аймагынын көп бөлүгүн ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор (бийиктиги 1127 мге чейин), батышын таштуу чөл ээлейт. Климаты кургак, тропиктен субтропикке өтмө. Айлык орточо температурасы 20°Сден 35°Сге (максимум 50°Сге жетет) чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 мм, тоолорунда 300–400 мм. Туруктуу дарыясы жок. Аянтынын көп бөлүгүн шор жер ж-а кумдуу чөл ээлейт. Оазистеринде сейрек курма пальмасы, акация, тамарисктер өсөт.

Калкы. Негизинен арабдар (90%тен ашык),


Абу-Даби шаары, мусулман салттары сакталып жаӊыча курулган имараттар.


(Шаржа княздыгында) түзүлгөн. 20-кылымдын 20-жылдарында бир нече княздыкта англичандарга каршы кыймылдар күч алган. Улуу Британиянын лейбористтик өкмөтүнүн Перс булуӊундагы райондордон өз аскерлерин 1971-жылдын аягына карата толук алып чыгып кетүү жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин, ОКга кирген княздыктар араб княздыктарынын федерациясын түзүү ж-дөгү макулдашууга кол коюшкан. 1971-ж. 2-декабрда көзкаранды эмес БАЭнын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1971-ж. 6-декабрда БАЭ Араб өлкөлөрүнүн лигасына, 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунуна кабыл алынган. 1990–91-ж. БАЭнын аскерлери БУУнун күчтөрүнүн катарында Иракка каршы согушка катышкан. 1994-ж. февралда өлкөнүн президенти айрым кылмыш иштерин (киши өлтүрүү, уурулук, баӊги заттарды колдонуу ж-а сатуу) кароону шарият мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү киргизген.

Экономикасынын


негизин нефть, газ өнөржайы түзөт. Ички улуттук кирешенин үлүшү киши башына 22 220 доллардан (АКШ) туура келет. Дүйнөдөгү нефть, газ өндүрүүчү ж-а экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Нефть ылгоочу, нефть-хим., металлургия (алюминий эритүү), цемент өнөржайы тез темп м-н өнүгүүдө. Ички дүӊ продукциясындагы өнөржайдын үлүшү 41,7% (а. и. нефть, газ өндүрүү 33,4%), а. ч-ныкы 2,5%. 1992-ж. 134 млн м3 газ, 13,5 млн т

Нефть түтүгүн куруп жатышат.

нефть продукциялары, 1994-ж. 18,8 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Көчмөндүү мал чарбасы ж-а оазистеринде дыйканчылык өнүккөн. Элинин салт болуп калган көнүмүш жумушу – балык кармоо ж-а бермет чогултуу. Кустардык промысели (килем, кыл торко, чегелөө) бар.

Араб акчасы.

Негизги транспорту – автомобиль; автомобиль жолунун уз. 4,7 миӊ км (1995; а. и. асфальтталганы 2 миӊ км). Деӊиз порттору: ЖебельАли, Рашид (Дубай), Зейд (Абу-Даби), МинаХалед (Шаржа). Сыртка нефть, нефть продуктулары, суюлтулган газ, алюминий ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, Индия, Иран, Оман, Корея Респ., Сингапур, АКШ.