БИРМИНГЕМ
БИ́РМИНГЕМ – Улуу Британиядагы шаар (административдик округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын административдик борбору. Калкы 984 миӊ (2005). Өлкөдө элинин саны боюнча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар м-н кошо өнөр жайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөр жайынын башкы борборлорунун бири. Автомобиль, самолёт куруу, электр-техника, станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөр жайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; университет бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-кылым), классицизм стилиндеги собор ж-а ратуша (18–19-кылымдар) сакталган. Б. з. 1-кылымында негизделген.