БИСАУ
БИСА́У – Гвинея-Бисау мамлекетинин борбор шаары; Бисау автономия секторунун административдик борбору. Калкы 388 миӊ (2005). Атлантика океанындагы порт. Эл аралык аэропорт; күрүч тазалоо, май, карапа чыгаруу ишканалары, тамак аш, тактай тилүү, эмерек, жеӊил өнөр жай, тарыхый-көркөм музейи бар. Сыртка пальма майын ж-а пальма жаӊгагынын данегин, жер жаӊгак, тери, жыгач материалдарын чыгарат. 17 кылымдын аягында португалдар негиздеген. Кеме ремонттоочу мастерскою иштейт.