БИСКВИТ (сырдалбаган фарфор)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСКВИТ с ү р ө т и с к у с с т в о с у н д а (фр. – bisqeit) – сырдалбаган фарфор. Көркөм керамикада ак көзөнөкчөсүз, күңүрт, жылтырабаган фарфор жана андан жасалган нерселер. Бисквит майда скульптордук иштерге материал катары колдонулат. Кээде литофания үчүн жана идиш (карапаларды) жасоодо рельеф колдонулат. 18-кылымдын ортосунан тартып андан Германияда, кийин Россияда, Францияда, Данияда сарай кызматтары үчүн столдун скульптуралык топтору жасалган. 19-кылымдын жарымында пайда болгон саргыч түс менен айырмаланган мрамор париан деп аталат, к. Керамика.