БАЙКУШ СЫМАЛДАР
БАЙКУШ СЫМАЛДАР (Саргіmіlgі formез) - филогенези үкү сымалдарга жакын куштар түркүмү. Тумшугу кыска, оозунун кыйыгы чоң. Күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү. Алардан 5 тукуму, 93 түрү, , анын ичинде гуахаро, алп чоң байкуштар ж-а кадимки байкуштар (козодойлор) белгилүү. Жумурткасын ургаачысы ж-а эркеги басат. Кадимки байкуштун канаты ж-а куйругу кыска, жүнү жумшак, түсү коргонуу кызматын аткарат. Учканда үн чыгарбайт. Көзү чоң. Бутакты бойлой конушат.

Анын 18 уруусу, 70 түрү кеңири таралган. Мээлүүн кеңдикте жашагандары - келгин куштар. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки байкуш чыгышта таралган, дене узундугу 28 см ге чейин жетет. Токой четинде, кыйылган токойдо ж-а токойсуз ээн жерлерде жашайт. Жумурткасын жердеги чуңкурга тууйт. Балапандары калың тыбыт м-н капталган. Май коңузу м-н азыктанат.