БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. Карасаев атындагы – жогорку окуу жайы. Гуманитардык билим берүүдө, дүйнөлүк тилдерди окутууда бай тажрыйбага ээ. Анын негизин 1979-ж. ачылган Фрунзе орус тили ж-а адабияты педагогика институту түзгөн. Ал 1992-жылы тил ж-а гуманитардык илимдердин мамлекеттик институту, 1994-жылы Бишкек гуманитардык университети болуп түзүлгөн. Университетте чыгыш таануу ж-а эл аралык мамилелер, европа цивилизациясы, кыргыз филологиясы, славян таануу ж-а журналистика, башкаруу, социология ж-а психология, экология, экономика ж-а менежмент, кыргыз-кытай ф-ттери ж-а маалыматтык система, китеп ж-а архив иштери бөлүмү, ошондой эле үзгүлтүксүз билим берүү институту ж-а гуманитардык илимдердин илим-изилдөө институту, аспирантура, докторантура бар. Окуу-методикалык, илимий, тарбиялоо ж-а практикалык иштерди 35 кафедра, 20га жакын борбор алып барат. Окуу бюджеттик ж-а келишимдик негизде жүргүзүлүп, 30дан ашык адистикти ж-а кошумча адистикти даярдайт. БГУ материалдык-техникалык базасы мыкты, илимий-педагогикалык кызматкерлеринин сапаттык курамы жогору окуу жайлардын катарына кирет. 80ге жакын илимдин докторлору ж-а кандидаттары ж-а 70тен ашык чет элдик адистер эмгектенишет. Көптөгөн чет өлкөлүк окуу жайлары, илимий борборлор м-н кызматташат. Университеттин уюштуруучусу, биринчи ректору Скирдов В. Д. болгон. Кийинки ректорлору: Янцен В. К. (1986–99), Конкобаев К. К. (1992–94), Тургуналиев Т. Т. (1994), Болжурова И. С. (1995–2002), Мусаев С. Ж. (2003–05), Мусаев А. И. (2005-жылдан).