БИШКЕК ЖОГОРКУ АСКЕР ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ЖОГОРКУ АСКЕР ОКУУ ЖАЙЫ Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков атындагы, 1947-жылы Кызыл Армиянын асман чабуулунан коргонуунун кыйраткыч авиациясынын учкучтарынын Одесса аскер окуу жайынын базасында түзүлгөн. Алгач СССРдин Аскер-аба күчтөрүнүн Фрунзе учкучтар аскер окуу жайы деп аталган. 1991-жылдан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлүшү м-н окуу жай аскерлердин ж-а чегара күзөтүнүн бардык түрлөрү үчүн взводдордун командирлерин, авиациялык адистерди даярдоого өткөн. 1995-жылы окуу жай Бишкек аскердик авиациялык учуу-техникалык окуу жайы (БААУТО) деп аталган. 1998-жылдан БААУТОнун курсанттарынын ичинен офицер – чегарачыларды даярдоо башталган. 2000-жылдын 15-августунан БААУТО КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайы (БЖАО) болуп кайра түзүлгөн. БЖАО Коргоо министрлиги үчүн жогорку квалификациялуу офицердик кадрларды, ошондой эле ИИМдин ички аскерлерине, Юстиция министрлигинин департаментине, чегара кызматына, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аскердик адистерди даярдайт. 2005-жылдын 30-апрелинде окуу жайга Советтер






Бишкек жогорку окуу жайынын курсанттары

Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбековдун ысымы ыйгарылган. 1956-жылдан 1992-жылга чейин авиациялык кадрларды даярдоонун ж-а өркүндөтүүнүн 5 борбордук курстарында 21682 адам 10 авиациялык адистиктер б-ча: 5698 учкуч, 749 штурман, 469 күжүрмөн башкаруу офицери, 165 аткыч-радист, 8998 авиатехник даярдалган. 1994-жылдан 2000-жылга чейин авиациялык адистиктер боюнча 535, ал эми чегара аскерлери үчүн 53 офицер даярдалган. 2006-жылы 79 офицер, анын ичинде 45 офицер башка ведомстволор үчүн даярдалып чыгарылган. Окуу жайдын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары өз мамлекеттеринде жогорку мамлекеттик ж-а аскердик кызматтарды ээлешет: Хафез Асад – Сириянын президенти, Ахмед Хусейн – Мозамбик Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы, авиациянын маршалы Дилбах Синг – Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы. Окуу жайдын начальниктери: 1998–2000-жылдарда генерал-майор С. Сыйдалиев, 2000–06-жылдарда генерал-майор Т. Молдобаев, 2006-жылдан полковник М. Бейшенов.

Абдысатар уулу Азат.