БИШКЕК ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКА АКАДЕМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ФИНА́НСЫ-ЭКОНОМИКА АКАДЕМИЯСЫ – жогорку окуу жайы. 1994-ж. уюшулган финансы-экономика кадрларын даярдоо ж-а кайра даярдоо эларалык борборунун базасында 1997-ж. ачылган. Окуу жайынын башкы багыты – кесиптик ишмердүүлүктө экон. билимди тереӊ айкалыштыруу. Ал финансы, экон., бух. эсеп, менежмент, сервис ж-а туризм б-ча динамикалуу өнүгүп жаткан ЖОЖ болуп саналат. Академияда жогорку квалификациялуу окутуучулар, о. эле чет өлкөлүк адистер да эмгектенет. Окутуу «бакалавр» (окуу мөөнөтү 4 жыл),

«дипломдуу адис» (окуу мөөнөтү 5 жыл) ж-а 2 жылдык «магистр» адистиктери б-ча жүргүзүлөт. Окутуу формасы күндүзгү ж-а сырттан окуу. Бул окуу жайы респ-нын башка ЖОЖдорунун арасынан биринчилерден болуп эларалык коомдуккесиптик аккредитациядан өтүп, САMEG уюмунун экономика ж-а бизнес б-ча билим берүүнүн сапат дипломуна татыктуу болгон. Академия билим берүүнүн методикалык жетишкендиктерин, технологияларын, азыркы жаӊы жабдууларын ЖОЖдорго жайылтуу ж-а камсыз кылуу, студенттер м-н окутуучуларды тажрыйба алмаштырууга жиберүү максатында эларалык


фондулар ж-а чет өлкөлүк окуу жайлары м-н кызматтык байланыштарды түзгөн. Студенттерге Москвадагы эларалык бизнес ж-а башкаруу ун-тинен билим алуу (дистанттык формасында) ж-а Россия Федерациясынын мамл. үлгүсүндөгү дипломун алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Бүтүрүүчүлөрдү практикалык иш ж-а жумуш м-н камсыз кылууда жардам көрсөтүү борбору ачылган. Академиянын алдында финансы ж-а экономика коллежи иштейт. Академиянын уюштуруучусу ж-а ректору – А. С. Мавлянов (1997жылдан). Ш. Эгембердиев.