БАКИН Евгений Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИН Евгений Иванович (1910-жылы туулган) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1949), профессор (1951). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген иш­мери (1961). 1927-жылы Саратов университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1927-31-жылдарда Жумгал районун­дагы оорукананын башкы врачы, Ленинградда­гы 1-медициналык институттун нормалдуу физиология кафед­расынын аспиранты (1931-34), ошол эле жерде­ги борбордук рентген-радиология институтунун илимий, улук илимий кызматкери (1934-53). КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы (1953-74). Саламаттык сактоонун отличниги (1950). «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Структура функции живой системы. Ф.,1971.