БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ - өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топу­рактагы биохимиялык процессти күчөтүп, өсүмдүктүн азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер м-н камсыз болушу жакшырат. Бакетерия жер семирткичинен нитрагин, азот бактерини ж-а фосфор бактерини көп пайдала­нылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачы­лат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бакте­риясынан даярдалып, органикалык заты көп чөйрөдө кө­бөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70-300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жер­ жаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү м-н бирге, ал­дын ала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү м-н колдонулат. Азотбактерин — азотбактерден даярдалган жер семирткич; органикалык заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт боюнча 1 г азот­бактеринде 50 млндон ашык азотбактер клет­касы болот. Ал өсүмдүктүн козу карын илдети­нен жабыркашын азайтат. Минерал, азот ж-а органикалык жер семирткичин толук алмаштырбайт. Фос­форбактерин - курамында микроорганизм споралары (1 г да 8—16 млрд) бар боз түстөгү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө ай­ландырат. Органикалык ж-а минералдык жер семирткич м-н бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Бактерия жер семирткичи үрөн м-н кошо гектарына 400-500 г себилет.