БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ П. Ф. Шубин атындагы, 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР ЭКСтин токтому м-н ачылган. 1948-жылы П. Ф. Шубиндин ысмы ыйгарылган. Окуу мөөнөтү 5–7 жыл. Фортепьяно, кылдуу, үйлөмө, урма, эл аспаптар ж-а хор бөлүмдөрү бар. Мектептин 300 орундуу концерттик залы, китепканасы, музыкалык аспаптарды оӊдой турган устаканасы бар. Класстар окуу программасынын талабына ылайыкташтырылган. Мектептин алдында хор, оркестр, вокалдык, аспаптык ансамблдер уюштурулган. Мектептин базасында ар дайым республикалык конкурстар, фестивалдар өтүп турат. 2005–06-окуу жылында 770 окуучу окуган.