БАСЫМ (тик аракет эткен күч)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ – нерсенин бетинин аянтына тик аракет эткен күч Р = S , мында Fn = F cos F – күчтүн чоӊдугу, бетке тургузулган тик сызык м-н күчтүн багытынын ортосундагы бурч, S – беттин аянты. Ал СИ системасында Паскаль (Па) бирдиги м-н ченелет: 1Па= 1H/м2. Иш жүзүндө башка бирдиктер да колдонулат: атмосфера (атм), 1атм=9,81·104Па; сым. мам. мм.=133,322 Па. Басымдын айрым түрлөрү: 1) Термодинамикалык басым – белгилүү температурада газ молекулаларынын идиштин бетине жасаган аракети. 2) Статикалык басым негизинен оордук күчүнүн жасаган аракети менен аныкталат (мисалы, жер бетиндеги басым 1 атм болсо, ал эми анын борборундагы басым 350 ГПага барабар). 3) Динамикалык басым – уруучу толкундардан пайда болгон басым (мисалы, жарылгыч зат жарылганда айланасында толкундар пайда болуп, температура 10000° Кге, ал эми басым 100 ГПага барабар болот). 4) Жарык басымы – жарыктын ургаалдуулугунан башка, беттин чагылуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бирдей шартта жарыктын толук чагылдыруучу бетке жасаган басымы, жарыкты толук жутуучу бетке жасаган басымынан эки эсе чоӊ болот.