БЕЙШЕЕВ Закон

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВ Закон (5. 12. 1936-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу кыштагы -- 16.07. 2020. Бишкек) – туңгуч кыр­гыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист, КРдин

маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994), КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). 1958-жылы ФПИнин тоокен ж-а геоло­гия факультетин бүтүргөн. 1958– 71-жылдарда Кыргыз геология башкармасынын тарма­гында геолог, отряд жетек­чиси болуп эмгектенген. 1972-жылдан Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, редакция баш­чысы, жооптуу секретарь, башкы редакторго орун басар. Бейшеев кыргыз элинин тарыхындагы ал­гачкы көп томдуу улуттук-универсалдык энцик­лопедияны даярдоого орчундуу салым кошкон. «Манас энциклопедиясын» чыгаруу демилгесин көтөргөн, республиканын илимий-маалыматтама басмасын калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер­дин республикалык «Эскерүү» китебин түзүүгө редколле­гия мүчөсү катары активдүү катышкан. Публицистикалык макалалары ж-а даректүү баяндары, чакан аң­гемелери, техника боюнча окуу китептеринин ко­тормолору жарык көргөн. Даңк (2007) ж. б. медалдар м-н сыйланган.