ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАВАН МАМЛЕКЕТИ , П а р к а н а – б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору Эрши ш. болгон. Кал­кынын саны болжол м-н 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары м-н да- ӊазаланган. Д. м. Улуу Жибек жолу калыптан­ганга чейин Чыгыш Түркстан м-н соода байла­нышын түзгөн (Фергана, Алай ж-а Борб. Теӊир- Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-ж. кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын д-н бойлой Д. м-не келген. Д. м. ж-дө маалымат кытай императоруна ушул элчи ар­кылуу жеткен. Д. м-н каратып алууга ж-а алар­дын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-ж. жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Д. м-нин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю ш-на (азыркы Өзгөндөн 8 км түн. тарапта, Шоро-Башат кыш­на жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык м-н багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аске­ри чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу м-н б. з. ч. 101-ж. жөнөтүлгөн. Ли Гу­анли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экин­чисин Ю ш-на жөнөткөн. Сан жагынан аз бол­гонуна карабай, Ю ш-нын тургундары катуу кар­шылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калты­рышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык м-н өл­түрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши ш-нын жашоочулары то­лук багынган эмес. Ал эми Ю ш-нын тургунда­ры Кытай м-н түзүлгөн тынчтык келишимге кар­шы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю ш-н зор кыйынчылыктар м-н ээлешкен. Бул жор­туулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, кол­го түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана им­ператоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аске­ри кайтып кетери м-н Д. м. Хан империясы­нын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши ш. катуу бүлгүнгө учура­гандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан ш­на (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-ж. түн. хунндардын шанүйү Чжичжи чап­кын уюштурат, бирок Д. м-н баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-к-нын ортосунда Жаркентке (Чы­гыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-к-да өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-к-нын ортосунда Фергана өрөөнү толугу м-н эфталит­терге карап, 5-к-дын аягында Кушан империя­сынын карамагына кирип, толук бойдон жо­юлган. Т. Жуманалиев.