ДАМАСК
ДАМА́СК (ар. Д и м и ш к) – Сирия Араб Респнын борбор шаары. Антиливан тоосунун этегинде, Барада д-нын өрөөнүндө. Калкы 2,6 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги соода-ө. ж., финансы ж-а маданий борбору. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск ж-а Араб академиясы, ун-т, ин-ттар (а. ч., политех.), калк китепканасы (Ж. Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (а. и. аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. О. эле көркөм кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач египет фараондорунун 18-династиясынын документтеринде ж-а байыркы осуят китебинде маданий ж-а кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-ж. Темирландын аскерлери шаарды басып дарылап, калыбына келтирүүгө болот. Түстү ажырата албоо байкалары м-н врачка кайрылуу керек. Түстөрдү туура эмес кабылдоо көпкө чейин оорулуунун өзүнө ж-а айланадагыларга сезилбеши мүмкүн. Ошондуктан түстөрдү ажыратууну текшерүүнүн мааниси чоӊ, себеби ал ар кандай кырсыкка чалдыктырышы мүмкүн. Д. м-н жабыркагандар транспорт айдоого,

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөрчүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан О. Азияга (Самаркандга) алып келген. Б. з. ч. 11-к-дын аягынан б. з. ч. 732-жылга чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-ж. Омейяддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон империясынын курамында болгон. 1920–43-ж. Сириядагы Франциянын мандат м-н башкарылуучу аймагы. 1943-жылдан көз каранды эмес Сириянын борбору. Байыркы ж-а о. кылымдын архит-ралык эстеликтери – шаардын тарыхый ж-а маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка ж-а Ыйык Юпитер Дамасский (1-к.) колоннадасы, Омейяддар, Такия Сулаймания ж-а Дервишия мечиттери (8-к.), Нур-ад-дин госпиталы (12-к.), 12–13-к-дын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.