ДАНИЯРОВ Базаркул

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАНИЯРОВ Базаркул (20. 10. 1897, Чүй обл., Кемин р-ну, Кайыӊды айылы – 1. 12. 1942, Рос­сия, Свердлов обл., Ивдель ш.) – тилчи, алгач­кы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку ж-а атайы орто билим берүү система­сын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «Эркин- Тоо» гезитин чыгарууга, кыргыз тилинин тер­миндерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-ж. Үркүнгө катышкан. Октябрь рев-ясына чейин Шабдандын диний медресесинде, Токмоктогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы му-

га

лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын Ташкенттеги Түркстан эл агартуу ин-тунда (1919-24) окуган. Эмгек жолун 1923- ж. ин-тта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан башта­ган. 1924-ж. Ош, Жалал- Абадда мугалимдердин ж-а айыл чарба кызматкерлери­нин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтех­никумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а ад-т сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу к-тинин Эл агартуу бө­лүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пиш­пекке которулган Кыргыз Академиялык ил. борборунда ил. катчы болгон (1924). 1925-ж. Пишпектеги Кыргыз агартуу ин-тун (Киринп­рос) П. К. Юдахин м-н бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-ж. ин-т Кыргыз борб. педтехникумга айла­нып, Д. директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун кагазга түшүргөн, «Семетейге» арнап ил. эмгек жазган. Д. кыргыз жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине которуу­га катышкан. 1928-ж. чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов м-н бирге), «Чоӊ- дорго кат таануу алиппеси» (И. Арабаев, К. Ты­ныстанов м-н бирге) аттуу алгачкы окуу китеп­теринин, окуу программаларынын ж-а бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы парт. ячейканын секрета­ры (1931–35). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–33), респ. ил. кыз­маткерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–35). 1935-ж. улутчул деген жалаа м-н ком­мунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалим­дикке жиберилген. 1937-ж. «Социал-Туран» пар­тиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-ж. Ивдель-«Н» колония­сында каза болгон. 1959-ж. акталган. 1990-ж. Кырг-н КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү ка­лыбына келтирилген. К. Орузбаева.