ДАНТЕ
ДА́НТЕ Алигьери (15. 5. 1265, Флоренция – 14.

9. 1321, Равенна) – италян акыны, италян адабий тилин түзүүчү. Европада италян тилиндеги романдаштырылган биринчи автобиогр. «Жаӊы турмуш» деген чыгарма жазган (1292). Д. Флоренциянын коомдук турмушуна активдүү катышканы үчүн эки жолу өлүм жазасы өкүм кылынган. 1304–07-ж. жазылган «Элдик тил жөнүндө» (латын тилинде), «Той» трактаттары – италян тилиндеги филос. прозанын үлгүсү. «Монархия жөнүндө» деген саясий трактатында дүйнөлүк монархия идеалын жактайт. Үч бөлүктөн («Тозок», «Күнөөдөн арылуу», «Бейиш») ж-а жүз ырдан турган «Ажайып комедия» (1307–21) Д-нин чыг-лыгынын туу чокусу, о. кылымдын поэтикалык энциклопедиясы болуп эсептелет. Акындын чыг-лыгы европа мадтынын өнүгүшүнө да зор таасир тийгизген. «Ажайып комедиясы» кыргыз тилине которулуп, айрым үзүндүлөрү жарык көргөн.
Чыг.: Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы. Б., 2004.
Ад.: Елина Н. Данте. М., 1965; Голенищев-Кутузов И. И. Данте и всемирная литература [Сб. статей]. М., 1967; Данченко В. Т. Данте Алигьери. Библиографический указатель рус. переводов и критич. лит-ры на рус. яз., 1762–1972. М., 1973. Э. Кылычев.