ДАОСИЗМ
ДАОСИ́ЗМ – 1) байыркы филос., диний окуулардын бири. Ал б. з. ч. 6–5-к-да Байыркы Кытайда пайда болгон. Д. окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Д. окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал Д. окуусунун филос. идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теӊирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Д. «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маӊызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теор. жоболорду камтыйт. Д-ди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруу чунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга ж-а процесстерге кийлигишпөө, табият м-н таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – д а о аркылуу жаралат ж-а өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы теӊ ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген филос. тыянак бар. Б. з-дын 2–3-к-нда Д. филос. ж-а диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, б. з. 2-к-нда пайда болгон. Д-дин негизги канондук жоболору: теологиясы м-н теориясы 5-к-дын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-к-га чейин) ал мамл. бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Д. кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы м-н аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20- к-дын ортосуна чейин сакталып келген. Д-ди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу м-н адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.
<ParaBr>Ад.: Ян Хин-шун. Древне-китайский философ Лаоцзы и его учение. М., 1950; Торчинов Е. А. Даосизм. СПб., 1998; Вэнь Цзянь, Горобец Л. А. Даосизм в современном Китае, СПб., 2005..