ДАРООТ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРООТ-КОРГОН – Ош обл-ндагы Чоӊ Алай р-нунун ж-а Дароот-Коргон айыл өкмөтүнүн бор­бору, кыштак. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Кызыл-Суу суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 2460 м

бийикте жайгашкан. Облустун борбору ж-а те­мир жол бекети Ош ш-нан 286 км түш.-батыш тарапта. Кыштак 1885-ж. негизделген. Калкы 4852 (2006); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Эки орто мектеп, бала-бакча, мад-т үйү, клуб, райондук ж-а балдар китепканасы бар. Оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мон­чо иштейт. Кыштактын жанында Кокон хан­дыгы учурунда курулган (1821) чептин калды­гы сакталган.