ДАРЫЛАР
ДАРЫЛАР – дары өсүмдүктөн, жаныбар органдарынан же минерал заттардан алынган, ооруну дарылоодо колдонулуучу заттар. Д. көбүнчө синтез жолу м-н алынат. Азыркы медицинада адам организминин системасынан ж-а түрдүү патол. процесстерге таасир этүүчү Д. бар. Ошого байланыштуу алар бир нече топко бөлүнөт. Борб. нерв системасына, четки нерв системасына, жүрөк-кан тамыр системасына, о. эле дем алуу органдарына, ичеги-карын жолдоруна, бөйрөк функциясына таасир этүүчү Д. бар. Кан ж-а кан пайда болуу процессинин бузулууларында кандын уюшун азайтуучу, кан пайда болууну ыкчамдатуучу Д. колдонулат. Микробдорго ж-а мителерге каршы колдонулуучу Д. – антисептика каражаттары, антибиотиктер, туберкулёзго, мите козу карындарга, микробдорго, безгекке, гельминттерге каршы ж. б. дары-дармектер. Шишикке каршы Д. шишик клеткаларынын өсүшүн басаӊдатат. Д. суюк, жумшак, кургак түрүндө даярдалат. Суюк Д. эритме, маӊыз, тундурма, суспензия, микстура ж. б. түрүндө болот. Жумшак Д-га май, линимент, паста, шамчалар кирет. Кургак Д. – күкүм, гранул, таблетка ж. б.; инъекция түрүндөгү Д. – эритме, суспензия, о. эле стерилденген күкүм. Д-ны үйдө сактоо эрежелерин билүү өтө чоӊ мааниге ээ. Эгер дары көпкө сакталса, алар күн нурунун, нымдын, темп-ранын ж. б. таасиринен бузулуп, дарылык касиети жоголот же уу затка айланат. Д-ды балдар жетпеген жерде өзүнчө кутучада сактоо сунуш кылынат.