ДАРЫЯ
ДАРЫЯ , д а й р а, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип кошулган суулар – куйма делет. Д-нын узундугу бир нече кмден миӊдеген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты миӊ- деген км2ге жетет. Дүйнөдөгү эӊ узун Д. – Нил (уз. 6671 км), Евразияда – Янцзы (уз. 5800 км), КМШда – Обь (уз. Иртыш д. м-н 5570 км). Дүйнөдөгү суусу эӊ мол Д. – Түш. Америкадагы Амазонка. Кырг-ндагы эӊ узун Д. – Чүй (жалпы уз. 1030 км), эӊ чоӊ ж-а суусу молу – На рын.
Д. жер бетиндеги суунун айлануусунда негизги ролду ойнойт. Бир жылда агып өткөн Д. сууларынын өлчөмү 41 700 км3ге жетет, бул кургактыкка түшкөн жаан-чачындын 35% ин түзөт. ө з ө н, с у у – жаанчачын, мөӊгү ж-а булактардан топтолгон суунун өзү калыптандырган нук м-н табигый үзгүлтүксүз агымы; чоӊ өзөн суу. Д-нын пайда болушу климаттык, орогр. ж-а геоморфол. шарттарга байланыштуу. Д. алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереӊдиги, суусунун деӊгээли, ылдамдыгы, чыгымы ж. б. м-н мүнөздөлөт. Ортоӊку кеӊ- дик терде жаан-чачындын өлчөмү 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700 – 1000 ммге жеткенде гана Д. пайда бол от . Д-нын к ал ыпт анышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. Дарыя алабы) ж-а нук өтүүчү жерлердин эӊкейиштиги зарыл. Д-нын башталышы – башат, бүткөн жери (океан, де- ӊиз, көл, башка Д-га куйган жери) – чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап калган тайыздык – сайроон, суу ташыганда жайпаган жээктеги түзөӊ – жай ыл ма,


Жершарындагы нымдуу ж-а тоолуу аймактардагы Д. суусу мол болсо, ысык ж-а чөлдүү аймактарда өтө аз бо лот.
Д-ларды гидрология илими изилдейт. Д-лардын адамдын жашоосу ж-а анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоӊ. Кээ бир Д-лар кеме жүрүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сактагычтар, ГЭС ж. б. курулат; ө. ж-ды, калкты, а. ч-ны суу м-н камсыз кылат; андан балык кармалат. Д-нын жайылмаларындагы топурак күрдүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым Д-лардын нугунда ж-а кашатында алтын, платина, алмаз, касситерит, рутил ж. б. баалуу металлдардын чачынды кендери болот.
Ад.: Чеботарев А. И. Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; Апполов Б. А. Учение о реках. М., 1963; Шульц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965. С. Аламанов.