ДАТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАТКА (фарсча дадхох – адилетти сүйүүчү, ади­леттүүлүктү талап кылуучу) – мансап даража­сы Бухара хандыгына чейин эле алгач фарс тилдүү мамлекеттерде кабыл алынган. Д. хан сарайында кызмат кылып, хандын кабыл алуу бөлмөсүндө иштеген ж-а ордого түшкөн арыз­дарды ханга жеткирип, арыз ээлерине кайра хан­дын жообун, чечимин билдирип турган. Кокон хандыгынын бийлик шатысында Д. мамл. баш­каруудагы кызмат орду б-ча тогузунчу орунда турган (парваначыдан кийин, бийден мурун). Хандын атайын чечими б-ча шариятты жакшы билген, жогорку медресени аяктаган адамдар Д-лыкка дайындалган. Д-лык адегенде «чин» же кызмат орду эмес, даража катары каралса, ки­йинчерээк Кокон хандыгынын мамл. башкаруу аппаратында Д. даражасын алган адамдар жүз башыдан вилайеттерге чейин башкаруу укугу­на ээ болгон. Согуш убагында ээлеген кызматы б-ча жогорку аскердик чиндерге барабар эле. Ай­рым убакта Д-лар атайы кызматтарда турбаса да, Д. наамын сактап калган, бирок тукумуна мурас калтырууга акысы жок болгон. Кокон хандыгынын бийлигин сактап туруу максатын­да бул даража кыргыздардын беделдүү адамда­рына, мис., Алайдан Алымбекке, Таластан Ажы­бекке, Аксыдан Кедейбайга, Жумгалдан Медет­ке, аялдардан Курманжанга ж. б. инсандарга бе­рилген.19-к. Д. даражасы Түн. Кырг-ндын ай­магында жогорку наамдардын бири болуп, хан казынасынан жылына 700 батман аштык ж-а 1000 дилде алууга акы­луу болгон.

Ад.: Бабабеков Х. Кокон тарыхы. Т., 1996; Налив­кин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Ка­зань, 1886. А. Абасбеков.