ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГО́РЬЕВ Василий Васильевич (15.3.1816, Россия, Санкт-Петербург –19.2.1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыш.) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корр. мүчөсү (1853). 1834-ж. Санкт-Петербург ун-тин бүтүргөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-ж. В. А. Перовскийдин отряды м-н Ак-Мечит (азыркы Кызыл-Ордо ш.) чебин алууга катышкан. Анын демилгеси м-н Оренбургда О. Азия элдеринин тарыхы б-ча китепкана ачылган. 1863-ж. Санкт-Петербург ун-тинин чыгыш тарыхы кафедрасынын профессорлугуна дайындалып, о. эле жылы чыгыш тилдеринин доктору деген ил. даражага ээ болгон. 1867-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Россия археол. коомунун Чыгыш бөлүмүн жетектеген. О. Азия тарыхы б-ча бир нече эмгек жараткан. Немец окумуштуусу К. Риттердин «Жер таануу» деген эмгегине алгачкылардан болуп кошумчаларды киргизип, аны орус тилине которгон. Г. айрым макалаларын «Мендалий Пиралиев» деген ысым м-н чыгарган. 10–13-к-да О. Азия м-н Чыгыш Түркстандагы Караханиддер династиясына караган уруулардын жалпы тарыхына байланыштуу «Караханиддер каганаты» деген терминди колдонууну сунуштаган. Россияда чыгыш таануу б-ча лекция окуган алгачкы окумуштуулардын бири.