ДЕЛБЕК ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛБЕК ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ Баткен р-нунда, Ак-Терек суусунун сол куймасы Дел­бек-Сайдын капталдарында, деӊиз деӊг. 2200– 4000 м бийикте жайгашкан. Издөө иштери 1988– 89-ж. жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин гра­нит-сиенит интрузиясы, дайкалар жиреп чык­кан силурдун метаморфизмделген кристаллдык сланецтеринен, кварциттерден түзүлгөн. Кен Матча интрузия массивинин түн.-чыгыш кон­тактысына туура келет. Кенташтык метасома­титтер тектон. талкаланган зоналарды түзөт. Метасоматиттердин үч тиби аныкталган: фенит­тер, альбититтер ж-а карбонаттык метасамотит­тер. Кендин негизги кенташтык минералы – пи­рохлор. Кенташтагы тантал кычкылынын өл­чөмү 0,047–0,067%, ниобий кычкылыныкы – 0,011%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 88248,0 миӊ т. Тантал кычкылынын болжолдуу ресур­су 56134 т, ниобий кычкылыныкы – 9707 т.