ДЕЛИБ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛИ́Б Клеман Филибер Лео (21. 2. 1836, Сен- Жермен-дю-Валь – 16. 1. 1891, Париж) – фран­цуз композитору, Париж консерваториясынын проф. (1881). Франция ин-тунун мүчөсү (1884).

Париж консерваториясында окуган. 1853–72-жылдары опера театрында аккомпа­ниатор, чиркөөдө органист, 1865–72-ж. «Гранд-Опера» театрында экинчи хормей­стер. «Булак» (Л. Минкус м-н бирдикте, 1866) ж-а Адан­дын «Корсар» балетиндеги (1867) дивертисменттин му­зыкасы м-н белгилүү болгон. Д-дин «Коппелия» (1870), «Сильвия» (1876) ж. б. балеттери коомчулукка кеӊири таанымал. Композитордун опералык чы­гармаларынын эӊ көрүнүктүүсү – «Лакме» (1883). Д-дин Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрын­да «Корсар», «Коппелия» балеттери, «Лакме» опе­расы коюлган.