ДЕЛИМИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛИМИТА́ЦИЯ (delimitatio – чек араны ор­нотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Д. эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Д. татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамл. чек ара сызы­гын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий


макулдашууга жетишүүсү зарыл. Д. жүргүзүү ж-дөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммю­нике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий доку­менттерде жарыяланат. Мис., кыргыз-кытай чек арасы б-ча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-ж. Со­вет-Кытай, 1992-ж. Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселе­лери б-ча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипл. ортомчулук, арбит­раждык, эл аралык сотту калыстыкка тартуу­га эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Д-лоонун негизинде демаркация жүргү­зүлөт. Э. Кадыров.