ДЕЛОС СОЮЗУ
ДЕЛО́С СОЮЗУ , А ф и н ы л ы к б и р и н ч и д е ӊ и з с о ю з у – Байыркы Грекияда деӊиз жээгиндеги шаарлар м-н Эгей деӊизиндеги аралдардын союзу, Афинынын гегемониясы м-н б. з. ч. 478/477 – 404-ж. түзүлгөн. Грек-перс согуштарынын (500–449) убагында персиялык Ахемениддер державасына каршы чогуу күрөшүү үчүн грек полистеринин бирикмеси катары пайда болгон. Союздун мүчөлөрү Делос а-нда чогулушкан. Аны чындыгында афинылыктар башкарып, согуш иштерине жетекчилик кылган, акчалай жыйымдардын (форостун) өлчөмүн аныктап, аларды бөлүштүргөн. Д. с-нун гүлдөп турган убагында анын курамында 200дөй шаар болгон. 454–453-ж. афинылыктар Д. с-нун казынасын Афиныга алып келишкен. Ушундан кийин Афины өкмөтү казынаны өз билгениндей жумшай баштаган. Афины ал түгүл союздаш шаарлардын ички иштерине да улам чечкиндүүлүк м-н кийлигишип, өзүнө оӊтойлуу тартип орноткон, афинылык тыйынды бардык союздаштар колдонууга милдеттендирилген. Ошентип Д. с. Афины деӊиз державасына айланган. Бирок Пелопоннес согушунун убагында союздаштар Д. с-нан массалык түрдө чыга башташкан. Согушта жеӊилген Афины спарталыктардын ж-а алардын союздаштарынын талабы м-н 404-ж. Д. с-н жоюуга мажбур болгон.