ДЕЛЬТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́ЛЬТА – деӊиз же көлдүн тайыз жерине куй­ган ири дарыянын төмөнкү агымындагы агын­ды-шиленди тектерден түзүлгөн түздүк. Термин гректин ∆ (дельта) деген баш тамгасынан алын­ган, анткени ошол убакта Нил д-нын чатын үч бурчтукка окшоштурушкан. Дарыя куйган жер­де суу агымынын ылдамдыгы кескин басаӊда­шынан агындылар чөгүп, сайроондор пайда бо­лот. Алар бара-бара сууну сай-сайлатып бөлүп, агым бир нече салаа б-ча агып калат. Убакыт өткөн сайын Д-нын аянты деӊизди карай чо- ӊоёт. Д-нын жайылып чоӊоюшунун ылдамды­гы жылына бир нече мден жүздөгөн мге че­йин жетет. Айрым ири дарыялардын Д-сы чоӊ аянтка ээ. Мис., Амазонка д-ныкы 100 миӊ км2, Волганыкы 13 миӊ км2 ж. б. Пайда болушуна ж-а өсүп-өрчүшүнө байланыштуу үч бурчтуу

Түндүк аралындагы Тонгариро дарыясынын дель­тасы.

Д. (Нил д.), жалпак Д. (Миссисипи, Кура), до­гоо сымал (Лена), тумшук сымал (Тибр), бөлүн­гөн (Камчатка), толгон (Кубань) ж. б. болуп бөлүнөт.